Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:03

Карабалта спирт заводу сотто «Моя столица» гезитин утуп алды.


БИШКЕК. 4-январда Бишкек шаарынын Ленин райондук соту Кара-Балта спирт заводунун жетекчилигинин доо арызынын негизинде «Моя столица» газетасын 50 миң сомго, анда жарыяланган «Спирттин көбүгү» («Пена на спирте») аттуу макала үчүн автор Людмила Жолмухамедованы 10 миң сом айыпка жыкты. Макалада автор, спирт заводу «Люкс» маркасындагы спиртти жогорку сапаттагы буудайдан эмес, Казакстандан ташылып келген сапатсыз дандан жасап жатканы белгиленген. Ленин райондук соту 8-январда спирт заводунун доо арызынын негизинде кабарчылар Людмила Жолмухамбетова менен Геннадий Кузьмин жазган спирт темасындагы дагы бир нече макаланы кароого киришет. Декабрь айынын ортосунда ушул эле райондук сот «Мерли сайт» фирмасынын доо арызынын негизинде гезитти 550 миң сом айыпка жыккан. Ушул эле күнү гезит жетекчиси Александр Кимдин билдиргенине караганда, «Моя столицаны» соттун чечимдери ынандыра алган жок. Ошондуктан, аппеляциялык арыздар менен жогорку инстанцияга кайрылууну көздөөдө.
Бишкектин Ленин жана Свердлов райондук соттору учурда гезитке карата ондон ашык доо арыздарды карап жатышат.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG