Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Июнь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:20

Европада табигый кырсыктар күч алды.


Европа быйылкы кыштын катаал сыноолорун баштан кечирүүдө. Батыш Германиянын жашоочулары ири суу ташкынынан сактануу чаралары көрүп жатышат. Жергиликтүү бийликтегилер соңку күндөрү тынбай жааган жамгыр аралаш кардын кесепетинен Рейн дарыясы 10 метрге чейин көтөрүлүп кеткенин, дагы бир метрге жогоруласа эле, Кельн шаарынын тарыхый борбору суу алдында калаарын эскертишти. Германиянын башка бөлүктөрүндө жаан токтоп, аба-ырайы сууктап кеткендиктен, дарыялардагы суу акырындап азая баштады. Чех өкмөтү Прага шаарын аралай аккан Влтава дарыясында да суу адаттагы деңгээлинен жогору экенин билдирди. Орусияда бул күндөрү кыш ызгаары күч алып, бейшембиде абанын температурасы – 28 градуска жеткен. Москванын бийликтери 2 күн ичинде 12 киши тоңуп өлүп, 235 адам катуу үшүп калгандыктан, ооруканага жаткырылганын кабарлашат.

XS
SM
MD
LG