Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Кыргыз-тажик чек арасында опурталдуу окуялар орун алды.


Кыргызстандын жана Тажикстандын мыйзам сактоо органдары кечээ кечинде кыргыз-тажик чек арасында орун алган опурталдуу окуяларды иликтөөгө киришти. Жума күнү алгач Тажикстандын Ворух анклавынын 300дөй жашоочусу жаңыдан орнотулган Кыргызстандын чек ара постун талкалап кетишкен. Ага жооп катары Баткендеги Ак-Сай айылынын 100дөй тургуну Тажикстандын чек ара постун бузуп, бир нече машинени дөңгөлөгүн асманга каратып, оодарып салышкан. Окуядан эч ким жабыр тарткан эмес. Баткен областынын губернатору Мамат Айбалаевдин айтымында, Кыргызстандын менен Тажикстандын өкмөттөрү өз ара бул талаштуу жерлерге чек ара постторун, же башка көзөмөл жайларын орнотпоо, ал эмес экономикалык ишмердикке тыюу салууну макулдашышкан. Ага карабастан, биринчи тажиктер чек ара постун орнотуп салышкан.

XS
SM
MD
LG