БИШКЕК. Билим жана илим министрлигинин алдындагы тарыхый жана маданий эстеликтерди коргоо, колдоо жана кайра жасалгалоо боюнча илимий-методикалык кеңеш эми комиссия болуп кайра түзүлдү. Министрликтен ишембиде алынган бул маалыматка караганда, курамына бардык тиешелүү тармактардын жана мамлекеттик бийлик бутактарынын өкүлдөрү кирген бул комиссия, Кыргызстандагы баалуу тарыхый эстеликтердин жагдайын жакшыртуу менен, эл аралык таанымга жеткирүү максатын көздөйт. Учурда ЮНЕСКО уюмунун карамагындагы эл аралык мурастардын тизмесине талапкер катары Чолпон-Ата петроглифи, Бурана мунарасы жана Навикат шаарчасы каттоодо турат.