БИШКЕК. Саламаттык сактоо министрлиги «Безгек 2001-2005» аттуу максаттуу программа иштеп чыкты. Мындай программанын иштелип чыгышына, Фергана өрөөнүндөгү башка өлкөлөр сыяктуу эле Кыргызстанда да безгек илдетин жугузгандардын санынын кескин өсүп кеткендиги негиз берди. 2002-жылдын этегинде, өлкөдө безгекке чалдыккан 2700 адам катталган. Алардын басымдуу бөлүгү Ош, Баткен жана Жалал-Абад областтарына таандык. Мындай жагдай 2003-жылы да курч бойдон калышы күтүлүүдө. Саламаттык сактоо министрлиги, илдеттин пайда болушун безгек чиркейлери, күрүч плантациялары шарттап жатат жана алардан коргонуучу жетиштүү чараларды көрүүгө мүмкүнчүлүк жетпей жатат деп эсептейт.