Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:38

Бейөкмөт уюмдар ассоциациясы Евразия ассамблеясында жумушчу топту жетектейт.


БИШКЕК. 13-январдан 16-январга чейин Вашингтондо Европадагы жана Азиядагы бейөкмөт уюмдар ассоциацияларынын ассамблеясынын кезектеги отуруму болот. Бүткүл Дүйнөлүк Банктын демөөрчүлүгү менен өтө турган бул жолугушууда эл аралык институттар менен жарандык коомдун карым-катышынын, жакырчылыкты кыскартуу боюнча мониторингдерге жарандык коомду катыштыруунун стратегиялары, Улуттар Уюму тарабынан кабыл алынган «Миң жылдык өнүгүү декларациясы» өңдүү маселелер талкууланат. Бул тууралуу жекшембиде Кыргызстандагы Бейөкмөт уюмдар ассоциациясынын төрайымы Токтайым Үмөталиева кабарлады. Анын айтымында, бул жолугушууга ал Европа жана Азия ассамблеясынын Азия аймагы боюнча жумушчу тобунун жетекчиси катары катышат. Мындай милдет Кыргызстандын Бейөкмөт уюмдар ассоциациясына былтыр күзүндө өткөн Стамбул жолугушуусунда тапшырылган.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG