Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:33

КОЙ ЖЫЛЫ КООГАЛАҢДУУ БОЛУШУ ЫКТЫМАЛ


Жаңы жылдагы алгачкы сандарында дүйнөлүк басма сөз быйылкы жылдын орчундуу маселелери менен проблемаларына назар салып, аларды чечүүнүн жолдору жана натыйжалары жөнүндө ой жоруп жатышат.

Дүйнөлүк көпчүлүк гезиттер жаңы жылдын биринчи күндөрүндө жарык көргөн сандарында адаттагыдай эле түмөн-түркүн окуялар менен фактыларга кайрылышкан. Ошентсе да бир катар басылмаларда Кошмо Штаттардын глобалдык ролу жана Европа союзунун келечеги алдыңкы планга чыккан. Аталган теманын аңытында айрыкча Ирак жана Түндүк Корея проблемалары кеңири комментарияланат. Франциялык “Монд” гезити, мисалы, быйыл бир катар тармактарда эл аралык кызматташтык начарлайт деп болжолдойт. Кошмо Штаттары аскерий жактан жер шарында үстөмдүк кылган жападан-жалгыз ири держава бойдон калды. Мындай абал, гезиттин апазында,жаңы проблемаларды жаратышы мүмкүн. Терроризм коркунучу,албетте,жалпыга келген апаат, деп жазат “Монд” өзүнүн редакциялык макаласында, демек аны жалпы дүйнө жарнакташып гана жеңе алат.

Буга байланыштуу британдык “Индепендент” дүйнө жүзү глобалдык супердержава көрсөткөн жолго түшөбү же ага альтернатива табабы,ушул суроонун жандырмагын тапканга аракет жасайт. Бул соболду гезит быйылкы жылдын эң чоң маселеси деп атаган. “Индепендент” өзүнүн баш макаласында бир кызык жагдайга окурмандардын көңүлүн бурат. Атап айтканда, “Ирак атомдук курал-жарактарды көзөмөлдөө боюнча эл аралык инспекторлорду кабыл алды, ал эми Түндүк Корея аларды өлкөдөн чыгарып жиберди”,-деп жазат газета. Бирок Вашингтон Багдадга көбүрөөк өмгөгүн салып, атүгүл согуш ачканга
активдүү камылга көрө баштады, Пхеньян менен болсо азырынча дипломатиялык сыпаа тилде гана кайым айтыштар менен чектелип турат.

Бул ойдун оролун улантып,АКШнын мурдагы мамлекеттик катчысы Уоррен Кристофер “Интернэшнл херальд трибюн” гезитиндеги макаласында Пхеньяндын атомдук проблемасы менен эл аралык терроризмди Ирактагы режимди алмаштыруу ишине караганда алда канча олуттуу жана реалдуу коркунуч катары баалайт. Кокус Корей жарым аралында куралдуу жаңжал чыгып кетчү болсо, айрым комментаторлор белгилешкендей, Пхеньяндын ракеталары Сэулдун тургай Токионун тоз-тополоңун чыгара алат. Кырдаал буга жетпеген күндө деле Түндүк Кореянын атомдук опузасы регионду,биринчи кезекте Японияны кайрадан милитаризмдин жолуна түшкөнгө шыкактап кое алат.А дегинкисинде болсо, америкалык “Нью-Йорк таймс” гезитинин ишениминде, Багдад менен Пхеньяндын проблемасы бирдей өлчөмдө дүйнөлүк жамааттан астамдап иш кылууну, баарыдан мурда Батыш альянсы менен кызматташтыкты чыңдоону талап кылат.

Кошмо Штаттардын азыркы дүйнөдөгү ролуна франциялык дагы бир басылма – “Экспресс” апталыгы да кайрылган. Жакында өткөрүлгөн иликтөөлөр АКШнын дүйнөдөгү популярдуулугу төмөндөп баратканын көрсөткөнүн белгилеп,бул тенденцияны апталык Европа союзун кеңейтүү жана чыңдоо зарылдыгын артыкбаш ирет тастыктаган жышаанга жоруйт. Кошмо Штаттары “мындан ары жалгыз өзү эл аралык стабилдүүлүктү камсыз кылганга жарабай калды,тескерисинче,ал улам барган сайын бейстабилдештирүүчү факторго айланып баратат”, деп белгилейт “Экспресс”. Апталык ушу тапта ойнолуп жаткан Ирак картасы Евросоюз үчүн быйыл чоң сыноо болорун эскертет. Шаркетке жаңыдан мүчө болчу өлкөлөр,”Экспресстин” баамында, Кошмо Штаттары менен кайсыдыр бир маселеде өнөгүн талашканга дегеле ниети жоктой сыяктанат. Бирок дүйнө биротоло эки лагерге ажырап кете электе, апталыктын пикири боюнча, Европа өз жүзүн,ошондой эле Кошмо Штаттары тутунган тарыйкалардан айрымаланган экономикалык жана социалдык модели бар экенин көрсөтүүгө тийиш.
XS
SM
MD
LG