Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:36

Сузак районунда 6 айыл суунун жоктугунан жабыр тартууда.


Рысбай Абдраимов

ЖАЛАЛАБАД. Сузактын тоо бөлүгүндөгү Алчалуу, Актерек, Сокуташ, Шатырак, Алмалуу жана Акчалуу айылдарынын 400 үй-бүлөдөн ашуун тургундары кыш башталгандан бери сууга муктаж. Мыйзамчы депутат Бектур Асановдун кеңешчиси Асан Шакировдун 6-январдагы билдирүүсүнө караганда, аймактагы булак жана арык суусу туздуулугунан ичүүгө жарамсыз. Жергиликтүү бийлик тоолуктарга суу ташып берүүнү уюштуралбай келүүдө. Ошондуктан аты, эшеги бар жарандар 7-8 чакырым жол басып, дарыядан суу ташып ичүүгө, малына кар эритип берүүгө аргасыз. Тоолуктарга өз ыктыяры менен суу жеткирип жүргөн транспорт айдоочулар ар бир чака суу үчүн 10-15 сомдон жыйнап алышууда.

XS
SM
MD
LG