Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:31

Бишкектин «Beta Stores» гипермаркетинде жарылуу болбой эле, өрт чыкканы аныкталды.


БИШКЕК. 5-январда күндүзгү саат он эки жарым ченде Бишкектеги «Beta Srores» гипермаркетине караштуу «Beta-Gurmet» ресторанында газдын чыгуусунан өрт чыгып, андан 4 киши жабыркаган. Бул тууралуу дүйшөмбү күнү Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынын башчысы Александр Пащенко билдирди. Анын айтымында, учурда өрттөн жабыркагандардын өмүрүнө коркунуч жок. Алардын үчөө шаардагы №4 ооруканага жаткырылды, ал эми бирөө үйүнө жиберилди. Жабырлангандардын экөө Түркиянын жараны, бирөөсү кыргызстандык болуп чыкты. Алардын баары кафенин кызматкерлери. Александр Пащенко, ««Beta Stores» дүкөнүндө жарылуу болуп, андан каза болгондор бар» деген маалыматы төгүндөдү .Окуяны Бишкектин Биринчи май райондук ички иштер бөлүмү иликтөөдө.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG