Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:06

Кыргызстандын Акыйкатчысына эл аралык уюмдар жардам көрсөтөт.


БИШКЕК. Бириккен Улуттар Уюмунун Өнүктүрүү Программасы жана «Кыргызстан-Сорос» фонду Кыргызстан Акыйкатчысынын ишин уюштурууга 120 миң доллардан кем эмес каражат бөлүүнү караштырууда. Бул тууралуу 6-январда Кыргызстан Акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу маалымдады. Анын айтымында, Европадагы коопсуздук жана кызматташуу уюму (ЕККУ) бөлгөн 60 миң долларга Омбудсмандын ишин камсыздочу компьютердик техника жана башка каражаттар сатылып алынган. «Бирок өкмөт тарабынан Омбудсманга тийиштүү имарат бөлүнүп бериле электиктен, ал техникалар ар кайсы жерде сакталууда», - дейт Турсунбай Бакир уулу. Кыргыз Акыйкатчысынын маалымдоосуна караганда, Омбудсмандын орун басары болууга 23 талапкер аракеттенүүдө. Алардын ичинен 3 орун басарды Мыйзам чыгаруу жыйыны шайлоого тийиш жана бул маселе 10-январда парламент кароосуна коюлмакчы.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG