Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:22

Алжирде исламчыл согушкерлердин колунан 56 киши курман болду.


Алжирдин коопсуздук кызматтарынын билдирүүсүнө караганда, өлкөнүн баш калаасынан 50 чакырым түштүк тараптагы Блида шаарынын жанындагы кыштактардын биринен өткөн түнү исламчылар эки үй бүлөдөн 13 адамды өлтүрүп кетишкен. Ал эми кечээ кечинде баш калаадан 430 чакырым алыстыктагы Батна шаарына жакын тоолордо аскерий автокербен буктурмага кабылганда 43 адам өлүп, 19 киши жаракат алды. Алардын баары коопсуздук кызматтарынын өкүлдөрү эле. Алжирлик исламчылардын топтору өлкөнүн азыркы секулярдык бийлигине каршы 1992-жылдан бери куралдуу каршылык көргөзүүдө. Анда жалпы элдик шайлоонун экинчи айлампасы, ашынган исламчылардын партиясы жеңишке жетээри байкалганда, армиянын кийлигишүүсү менен токтотулган. Түрдүү маалыматтарга караганда, андан бери исламчыл согушкерлердин колунан 100-150 миң киши курман болду.

XS
SM
MD
LG