Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 13:46

Йорданияда исламчыл-экстремист өлүм жазасына кесилди.


Йорданиянын соту Раэд Хиджазини «жардыруучу заттар менен автоматтык түрдө ок атуучу куралдарга ээлик кылганы» үчүн айыптуу деп тапты. Хиджази мурда АКШнын Бостон шаарында таксист болуп иштеген. АКШ бийликтери аны 11-сентябрдагы террордук чабуулдан кийин издөөдө жүргөн өтө коркунучтуу кылмышкерлердин тизмесине киргизген эле. Йорданиянын аскерий соту Раэд Хиджазини алгач «террорчулук кылганы» үчүн айыптап, өлүм жазасына былтыр февраль айында эле кескен. Бирок, апелляциялык сот өкүмдү кайра кароого жөнөткөн болчу.

XS
SM
MD
LG