Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:16

Ооганстандын түндүк-чыгыш чөлкөмүндө көк жөтөл дарты күч алды.


Улуттар Уюмунун бүгүнкү маалыматына караганда, өлкөнүн түндүк-чыгыш аймагында көк жөтөл дарты 40 миңдей баланын өмүрүнө коркунуч келтирүүүдө. Учурда бул аймакта Улуттар Уюмунун адистери менен ооган дарыгерлеринин шашылыш жиберилген тобу жүрөт. Маселен, өткөн жылдын ноябрь айында бир эле Бадахшан провинциясында көк жөтөлдүн айынан алтымыштан ашуун бала мерт болгон. Кабулдан жөнөтүлгөн адистер тобу аталган провинциянын көк жөтөл илдети жайылган Дарваз районуна дары-дармек менен керектүү жабдууларды алпарып, эмдөө иштерин жүргүзүүдө, алдыда алар башка райондорду да кыдырмакчы.

XS
SM
MD
LG