Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:31

Түштүк Корея жана Орусия Түндүк Корея боюнча бирге иштешүүнү макулдашты.


Түштүк Корея Түндүк Кореянын өзөктүк куралдар программасына байланышкан чатакты тынчтык жол менен чечүү үчүн дипломатиялык аракеттерди көрүүдө. Бүгүн Москвада Түштүк Кореянын тышкы иштер министринин орун басары Ким Хан Гюн, Орусиянын тышкы иштер министрлигинин жетекчилери менен жолукту. Орусия тышкы иштер министринин орун басары Александр Лосюковдун сүйлөшүүлөрдөн соң билдиргенине караганда, тараптар Түндүк Корея кризисин жөндөө үчүн биргелешип аракеттенүүнү макулдашты. Эртең Вашингтондо АКШнын Мамлекеттик департаменти менен Түштүк Кореянын жана Жапониянын тышкы иштер министрликтеринин расмий өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү башталат. Келерки аптада Токио менен Вашингтонго консультация үчүн Түштүк Кореянын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси да сапар тартууда. Түштүк Корея өнөктөшү АКШ менен бирге Орусия, Кытай жана Жапония, Түндүк Кореяны өзөктүк куралдар программасынан, анын ичинде өзөктүк курал жасоодо керектелүүчү заттарды өндүрүүгө жөндөмдүү атомдук реакторду кайра иштетүүдөн баш тартуусу үчүн таасир көргөзүүсүн көздөөдө.

XS
SM
MD
LG