Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:24

Дүйнөнүн православ-христиандары Иса пайгамбардын туулган күнүн майрамдоого киришти.


Бүгүн күн бою Орусия аймагындагы чиркөөлөрдө диний жөрөлгөлөр өткөрүлүүдө, мындай иш чаралар түндө да уланат. Орусия президенти Владимир Путин майрамга байланыштуу орусиялыктарга куттуктоо жолдоду. Майрамдык жөрөлгөлөр Болгарияда да өтүүдө. Ал эми Бибилия боюнча Иса пайгамбар туулган жер катары эсептелген, палестиндердин Вифлеем шаарынын көчөлөрү Израилдин оккупациясына каршылык билдирүү максатында майрамга байланыштуу жасалгаланган жок. Православ–христиандар Иса пайгамбардын туулган күнүн эски Юлиан жылнаамасы боюнча 7-январда белгилейт.

XS
SM
MD
LG