Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:24

Кабулда коопсуздук жалпысынан жакшы, бирок коркунучтар да бар.


Бул тууралуу бүгүн Кабулдагы бейпилдик аскерлеринин командачысы, түрк генералы Хилми Акин Зорлу билдирди. Анын айтымында, Ооганстандын баш калаасында коопсуздук жалпысынан дурус болгону менен, азыр деле «деструктивдүү элементтер» бар. Кокус Иракта аскерий операция башталса, Кабулда жана Ооганстандын башка чөлкөмдөрүндө террор аракеттери күчөшү мүмкүн. Түркия учурда Кабулдагы бейпилдик күчтөрүнө командачылык кылат, келерки айда ал бул милдетти Германия менен Голландияга өткөрүп бермекчи. Бүгүн Ооганстандагы АКШ аскерлери өлкөнүн Пакистанга чектеш түштүк аймактарында курал-жарак менен жардыруучу заттар катылган кампа жок кылынганын маалымдады.

XS
SM
MD
LG