Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:27

МАГАТЭ уюму Түндүк Кореяны өзөктүк куралдар боюнча эл аралык милдеттемелерин аткарууга чакырды.


Бүгүн уюм жетекчилигинин Венадагы жыйынында айтылгандай, МАГАТЭ Түндүк Кореянын соңку аракеттерин айыптайт жана андан өзөктүк куралдар жаатындагы кепилдиктерди сактоону талап кылат. Уюмдун төрагасы Мохаммед эль-Барадей билдиргендей, Түндүк Корея өзөктүк куралдарды жасабоо жөнүндөгү келишимин кыйшаюсуз аткарыш керек. Анткен менен МАГАТЭнин жетекчилиги бүгүн кабыл алынуучу документте Түндүк Кореяга ошол өз эл аралык милдеттемелерине кайра кайтуусуна мүмкүндүк берет. Жакында Пхеньян өлкөдөн МАГАТЭнин эксперттерин чыгарып жиберген. Ал эми Вашингтондо бүгүн АКШнын, Түштүк Кореянын жана Жапониянын расмий өкүлдөрү Түндүк Кореянын өзөктүк куралдар программасына байланышкан кризисти жөнгө салуунун жолдорун талкуулай баштайт.

XS
SM
MD
LG