Мындай чаралар кечээги террордук чабуулдан улам көрүлүүдө.Тель-Авив шаарында палестин жанкечтиси жасаган жардыруудан 23 адам өлүп, 100дөн ашуун киши жаракат алган. Тель-Авивдеги жардырууга жооп кылып, бүгүн Израил армиясынын тик учмалары Газа секторун ракетадан аткылады. Жөөт расмий өкүлдөрү билдиргендей, бутага палестиндер курал жасаган жайлар алынды. Жөөт өкмөтүнүн бүгүнкү чечимине ылайык, палестин делегациясынын Лондонго, автономиянын бийлик структурасын реформалоо жана Жакынкы Чыгышта тынчтык орнотуу жараянын талкуулай турган жыйынга барышына жол берилбейт. Ошондой эле үч палестин университети жабылат. Мындан сырткары, Рамалла шаарында Палестинанын Борбордук Кеңеши автономиянын Конституция долбоорун талкуулаган жыйын өткөрүүсүнө тыю салынды. Жөөт өкмөтүнүн палестин делегациясынын Лондонго келүүсүнө жол бербөө жөнүндөгү чечими Британиянын нааразылыгын жаратты. Лондондогу сүйлөшүүлөр 14-январга белгиленген эле. Жөөт тышкы иштер министри Биньямин Нетаньяху бүгүн телефон сүйлөшүүсүндө британ тышкы иштер министри Жек Стронун палестин делегациясынын Лондонго келишине мүмкүндүк берүү жөнүндөгү талабын четке каккан.
Израил антитеррордук аракеттерди күчөтүү менен бирге палестин бийлигинин жыйын өткөрүүсүнө, чет өлкөгө чыгуусуна жол бербөө чечимине келди.