Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:52

Майлысуу электр-лампа заводу боюнча доогерлердин арызы канааттандырылган жок


БИШКЕК. Майлысуу электр-лампа заводунун 62% акциясын сатуу боюнча өткөн жылы 20-декабрда өткөрүлгөн тендердин жыйынтыгын жокко чыгаруу боюнча Казакстандын «Темирбанкы» башында турган консорциумдун жана орусиялык «Аврора лайтинг» фирмасынын доо арызын Бишкек шаардык арбитраждык соту канааттандырган жок. Аталган фирмалар «тендерде адилетсиздик орун алып, комиссия мүчөлөрү эң жаман шартты сунуштаган Орусиянын «В.А.В.С.» компаниясына жеңишти ыйгарып койду» деп, Бишкек арбитраждык сотуна тендер өткөрүлгөндөн кийин кайрылган эле. Мыйзамга ылайык доо арыз берген тараптар бир ай ичинде Бишкек арбитраждык сотунун чечимин жокко чыгаруу өтүнүчү менен жогорку сот инстанцияларына кайрыла алат. Бул тууралуу шейшембиде «АКИ-пресс» маалымат агенттиги кабарлады.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG