Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:11

Кыргыз тилинин орфографиялык жаңы эрежесине карата окумуштуулар ар кандай пикирлерди айтышууда


БИШКЕК. Өлкө Конституциясынын учурда даярдалып жаткан жаңы долбоорунун жана мындан ары кабыл алына турган бардык мыйзамдардын тексттери кыргыз тилинин орфографиялык жаңы жазуу эрежелеринин негизинде түзүлөт. Ал эми буга чейинки пайдаланылып келген мыйзамдардын, окуу китептердин, окуу- усулдук колдонмолордун тексттерин жаңы эреженин негизинде кайра түзүү маселеси мыйзамда каралган эмес. Бул тууралуу Мамлекеттик тилди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөсү, Илимдер Академиясынын Кыргыз тил институтунун деректири Токтосун Акматов дүйшөмбүдө кабарлады. Ал эми Билим берүү институтунун деректири Исак Бекбоевдин пикирине караганда, окуу жайларда жана мектептерде жаңы эреженин негизинде окутууга өткөрүү узак мөөнөттү жана каражатты талап кылат. Анткени, азыр жаңы эреже боюнча түшүндүрүү иштери кеңири жүрө элек, эреженин өзү болсо массалык түрдө жайылтыла элек. Ал эми филология илиминин кандидаты Четин Жумагуловдун айтымында, жаңы эреженин талаштуу жактары көп, ошондуктан, ал калк тарабынан колдоо таппай калышы да толук ыктымал. Жазуунун орфографиялык жаңы эрежеси тууралуу өкмөттүн токтому буга чейин 1999-жылы кабыл алынып, бирок, колдоо таппай калган. Экинчи ирет кабыл алынган токтом 2003-жылдын 1-январынан баштап ишке кирди.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG