Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:47

Ф. Куловго байланыштуу сот жараянынын протоколдору берилбей жатат


БИШКЕК. «Бишкек шаардык соту Феликс Куловго байланыштуу сот жараянында жазылган протоколдорду дээрлик 3 айдан бери бербей жатат. Бул, өз кезегинде, шаардык соттун Ф.Куловго карата 11-октябрда чыгарган өкүмүн жокко чыгаруу боюнча Жогорку Сотко кайрылуубузга жолтоо болууда», - деп билдирди шейшембиде Кыргызстан Элдик Конгрессинин лидери Феликс Куловдун адвокаты Ашыркул уулу Токторбек. «Протоколдор колубузга тиер менен Бишкек шаардык сотунун чечимин өзгөртүү боюнча Жогорку Сотко кайрылабыз», - дейт адвокат. Анын айтымында, сот өкүмү чыккандан 5 күндөн кийин протоколдор берилүүгө тийиш эле. Бирок, белгисиз себептерден улам алар берилбей жатат.
Өткөн жылдын 11-октябрындагы өкүмүндө Бишкек шаардык соту Куловду 10 жылга кескен Бишкектин Биринчи Май райондук сотунун өкүмүн өзгөртүүсүз калтырган эле.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG