Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:09

«АКИ-пресс» агенттиги окурмандардын пикирин жарыялады


БИШКЕК. Өз окурмандарынын пикирлерин топтогон «АКИ-пресс» электрондук маалымат каражаты 7-январда өткөн жылдын негизги беш жаңылыгын атады. Агенттиктин тыянагына караганда, Кыргызстанда өкмөт курамынын кызматтан кетиши жана кайра куралышы, Феликс Куловдун сот залында сабалышы, «кыргыз козголоңу» жана президент А. Акаевдин Коллективдүү Коопсуздук Келишимине кирген өлкөлөрдүн майрамдык отурумун таштап, Бишкекке чукул кайтып келиши - былтыркы жыл ичиндеги негизги жаңылыктар болгон. Президент мындай кадамга Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйыны талаштуу Үзөңгүкууш аймагына байланыштуу бөлүм камтылган Кыргыз-Кытай чек ара макулдашуусун кабыл албай койгондо барган.
Ошондой эле агенттик «жылдын жаңжалы» катары алты окуяны атаган. Алардын катарында футбол боюнча дүйнөлүк чемпионаттын Кыргызстанда көргөзүлбөй калышы, Майлысуу электр-лампа заводунун эң начар шартты сунуш кылган фирмага сатылышы, Бишкектеги Кытай элчилигинин биринчи катчысынын өлтүрүлүшү, Президент А. Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаевдин иш кеңсесинин тонолушу, Ганси авиабазасынын коопсуздук кызматынын офицери Даниэл Марион машинасы менен эки аялды коюп кетиши, Орусия президенти В. Путинди коштоочу учакка сапатсыз майдын куюлушу аталган.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG