Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:02

Израил палестиналыктардын бир катар укуктарын чектеди


Израил 35 жашка чейинки курактагы палестиналыктарга Батыш Жээктен жана Газа Тилкесинен сыртка чыгууга, ал эми палестина бийликтеринин кызматкерлерине - орун которууга тыюу салды. Израилдин деңиз күчтөрү ошондой эле Газа Тилкесинин жээгин тосмолоп, палестиналык балыкчылар ишке чыга албай калышты.
Израил өкмөтү кечээ Тель-Авивде 22 киши каза болгон жекшембидеги жардыруудан кийин, палестиналыктардын кыймыл-аракетин чектей тургандыгын жарыялаган.
Ошондой эле Израил аскерлери Батыш Жээкте палестиналыктардын беш үйүнө динамит орнотушту. Август айынан бери Израил армиясы Батыш Жээкте палестиналыктардын 120 үйүн жок кылды. Укук коргоочулар бул чаралар жеке адамдардын аракети үчүн, бүткүл элди коллективдүү жазалоого тете экендигин айтышууда.

XS
SM
MD
LG