Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 13:17

Президент Аскар Акаевдин быйыл жазда расмий иш сапары менен Пакистанга барары күтүлөт.


Ал эми ага чейин, январь-февраль айларынын ичинде, Исламабадда эки өлкөнүн өкмөт аралык комиссиясынын алгачкы жыйыны болот. Жыйында эки өлкө ортосундагы карыздарды төлөө мөөнөтүн кайра карап чыгуу, Кыргызстандын электр энергиясын Пакистанга экспорттоо ж.б. маселелер талкууланат. Бул тууралуу Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хабиб-ур-Рахман Жогорку Кеңештин Эл өкүлдөр жыйынынын төрагасы Алтай Бөрүбаев менен бүгүнкү жолугушуусу учурунда билдирди. Парламент палатасынын төрагасы пакистандык элчини анын Кыргызстандагы кызмат мөөнөтү аяктап жаткандыгына байланыштуу кабыл алды. Пакистандын Кыргызстандагы элчилигинен ушул эле күнү алынган маалыматка караганда, Хабиб-ур-Рахман Бишкекте февраль айынын этегине чейин болот. Кыргызстандагы элчилик ишин ал 1998-жылдын күзүндө баштаган.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG