Бу жолку добогер - Бишкек шаарынын тургуну К. Турсуналиев аталган гезиттин кабарчысы Рина Приживойтту «Калыбы, энем дүйшөмбүдө төрөгөн окшойт» аттуу макаласында түпкү элдин өкүлү катары “улуттук ар-намысына шек келтиргени” үчүн айыптаган. Ленин райондук сотуна 8-январда жолдогон арызында добогер редакциядан бир миллион, ал эми автордон 50 миң сом өндүрүп берүүнү суранган. Ушул эле күнү Ленин райондук соту гезиттин кабарчысы Геннадий Кузьминдин «Үй-бүлө тоого барды, акча тапты» аттуу макаласы боюнча 28-ноябрдан бери жүрүп жаткан ишти жыйынтыктады. Сот «Моя столицаны» 50 миң сом, журналист Геннадий Кузьминди 2 миң сом айыпка жыкты жана гезитти бир ай ичинде макаладагы фактыларды төгүндөгөн маалымат берүүгө милдеттендирди. Бул макалага байланыштуу гезитти Мамлекеттик мүлктү башкаруу жана тыштан инвестиция тартуу боюнча мамлекеттик комитет сотко берип, редакциядан бир миллион сом, автордон 50 миң сом өндүрүп берүүнү суранган эле. Ал эми Замир Өсөровдун «Түштүктүк болуу кооптуу» аттуу макаласы боюнча ишти Ленин райондук соту 21-январга которду.
Бишкектин Ленин райондук соту «Моя столица» гезитине байланыштуу дагы бир доо арызды кабыл алды.
Бурулкан Сарыгулова, Айданбек Акмат уулу