Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:54

Кыргызстанда өлүм жазасына коюлган мораторийдин мөөнөтү узартылды.


Президент Аскар Акаевдин 1-январда кол койгон жардыгына ылайык, 2003-жылдын 31-декабрына чейин өлкөдө өлүм жазасы ишке ашырылбайт. Жардыкта ошондой эле өлүм жазасына тартылган айыпкерлерди кармоочу жайлардын шарт-жагдайларын жакшыртуу боюнча кошумча каражат табуу өкмөткө тапшырылган. Аталган жардыкка байланыштуу президенттин басма сөз кызматы 8-январда таркаткан маалыматта өлүм жазасына биринчи жолу 1998-жылы эки жылдык мөөнөткө мораторий киргизилгени белгиленет. Алгачкы ошол жардыкты президент адам укугу боюнча Бүткүл дүйнөлүк декларациянын 50 жылдыгына байланыштуу чыгарган.
  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.

XS
SM
MD
LG