Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Март, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:25

Кыргыз-тажик өкмөт аралык комиссия башчылары 13-январда Баткенде жолугушат.


Жолугушуу учурунда Базарбай Мамбетов менен Акбар Туражанзода чек ара жана бажы бекеттерине байланыштуу проблемаларды талкуулашат. Бул тууралуу шаршемби күнү “Азаттыкка” өкмөт аралык комиссиянын теңтөрагасы, Кыргызстандын Евразия экономикалык шериктештигиндеги өкүлү Базарбай Мамбетов билдирди. Жолугушууга Кыргызстандын Баткен, Тажикстандын Согд облустарынын жетекчилери да катышат. Комиссиянын теңтөрагасы ырастагандай, алдын-ала жетишилген макулдашуулар боюнча кыргыз тарабы Актатыр айылындагы, тажик тарабы Сурх жана Жакөрүк кыштактарындагы бажы бекеттерин алып ташташты. Баткенден алынган маалыматтарга ылайык,азыр эки тарапка автоунаалар эркин каттап жатат.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG