Бүгүн Армениянын президенти Роберт Кочерян бул кызматка Алексан Харитюнянды дайындады. Ал президент Кочеряндын өзү менен көп жыл бирге иштешкен адам. Армениянын мамлекеттик телерадиосунун мурдагы башчысы Тигран Нагдалян 28-декабрда Ереванда шектүү жагдайда киши колдуу болуп өлгөн. Азырынча журналистти өлтүргөн кылмышкерлер табыла элек. Мамлекеттик телерадио кийинки айда өтүүчү президенттик шайлоо алдында Роберт Кочерянды кызуу колдоодо. Сыналгы мындай туруму үчүн президенттин саясий оппоненттеринин сынына кабылып жатат.