Ал программага ылайык, алдыдагы он жылдын ичинде жыйналуучу салыктын өлчөмү 674 миллиард долларга кыскартылышы керек. Баарынан мурда баалуу кагаздарды кармаган инвесторлор төлөөчү киреше салыгын жою белгиленүүдө.
"Дивиденддерден кош салыкты жоюлушу менен 35 миллион америкалык сарптоо жана инвестиция кылуу үчүн көбүрөөк акчага ээ болот. Бул акча жыйноону күчөтөт, кеминде быйыл 20 миллиард доллардын жеке экономикага кайтып келишин шарттайт. Бул инвестициялык айыпты жок кылуу менен биз инвестордун ишенимин чыңдайбыз",- деди президент Ж. Буш, Чикагодо экономикалык программасын жарыялап жатып.
Ал эми жалпысынан экономиканы стимулдаштырууга багытталган жогорудагы чаралардан улам, быйыл орто эсеп АКШдагы 92 миллион салык төлөөчүнүн ар бири 1083 доллардан үнөмдөп калат. Президент Буштун программасын Демократиялык партиянын өкүлдөрү сынга алууда. Бирок, учурда АКШ Конгрессинде президент Буш да мүчөсү болгон Республикачыл партиянын өкүлдөрү басымдуулук кылат.