Бүгүн, Бакуда болгон иш сапарынын учурунда Түркиянын бийликтеги «Адилеттүүлүк жана Өнүгүү» партиясынын лидери Режеп Эрдоган билдиргендей, Түркияда тыюу салынган Күрт Жумушчу партиясынын бөлүмдөрү Азербайжанда түрдүү маданий уюмдардын атына жамынып иштеп жатышат. Бирок, Эрдоган Азербайжандын коопсуздук кызматтары аларга каршы көрүп жаткан чараларга канааттанаарын белгиледи. Эрдогандын Азербайжан президенти Гейдар Алиев менен жолуккан учурунда билдиргенине караганда, Анкара Каспийдин мунайын Түркияны көздөй жеткирүүчү мунай куурунун курулушу мурда пландаган 2005-жылдан эрте бүтөт деп үмүттөнөт. Түркиядагы башкаруучу партиянын лидери жетектеген делегация бүгүн Азербайжандагы сапарын карытып, Түркмөнстанга келүүдө.