Европа Биримдигинин учурдагы төрагасы, Греция өкмөтүнүн билдирүүсүндө, Израилдин Палестин делегациясын Лондонго жибербөө жөнүндөгү чечими сынга алынат, жана ал чечимди кайра карап көрүү чакырыгы айтылат. Израил жакында Тель-Авивде жасалып, 22 адамдын өмүрүн алган террордук чабуулга жооп иретинде палестин делегациясынын Лондонго келүүсүнө тыюу салган. Ошондой эле ал палестин аймактарында аскердик жортуул жүргүзүүдө. Бүгүн жөөт аскерлери менен болгон кагылыштардан үч палестин мерт болду. Вифлеем шаарында православ-христиандар Иса пайгамбардын туулган күнүн майрамдаганына байланыштуу эки күнгө алынып салынган коменданттык саат кайра киргизилди.