Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:52

Түркмөнстандын өкмөттүк гезити АКШнын расмий өкүлүн сындаган ачык кат жарыялады


«Нейтральный Түркмөнстан» гезитинде жарыяланып, АКШнын Мамлекеттик департаментинин өкүлү Филип Рикерди сындаган катка жергиликтүү жоон топ журналист кол койгон. Алар Мамлекеттик департаменттин басма сөз катчысы Филип Рикердин 31-декабрдагы билдирүүсүн «негизсиз» деп баалашкан. Анда Мамлекеттик департаменттин өкүлү президент С. Ниязовго кол салуу аракетине байланышкан окуядан улам, Түркмөнстанда орун алып жаткан массалык камоолор жана камактагы кыйноолор жөнүндөгү маалыматтарга карата камтамачылык билдирген эле. Ошондой эле, катта АКШнын Ашгабаддагы элчиси Түркмөнстандын мурдагы тышкы иштер министри Борис Шихмурадов менен аны камоого буйрук берилгенден кийин да үч жолу телефон аркылуу байланышканы айтылган. Түркмөн бийликтеринин эсебинде, Б.Шихмурадов - президент Сапармурат Ниязовго кол салуу аракетин уюштургандардын бири.

XS
SM
MD
LG