Бүгүн бул туралуу Ирак өкмөтүнүн вице-премьери Тарык Азиз билдирди. Тарык Азиз инспекторлордун Ирактагы ишине токтолуп: "Алардын Ирактагы ишинин көпчүлүгү массалык кыргын салуучу куралдарды издөө эмес. Алар Ирактын кадимки аскерий мүмкүнчүлүктөрү, атуулдук чөйрөдөгү илимий жана өнөр-жай мүмкүнчүлүктөрү жөнүндөгү маалыматтарды издеп, тыңчылык маселелерин чечүүдө", - деп белгиледи. Ирактын вице-премьеринин жогорудагы билдирүүсү АКШ президентинин кечээги сөздөрүнөн соң айтылды. Кечээ Ж.Буш кайрадан, эгер Ирак президенти Саддам Хусейн өз эрки менен куралсызданбаса, анда АКШ Иракты массалык кыргын салуучу куралдардан арылтуучу коалицияны баштап чыгаарын кайрадан эскерткен. БУУнун инспекторлор тобунун өкүлү Ирак вице-премьеринин айыптоосун четке какты. Бүгүн инспекторлор сегиз жайды текшерди.
Ирак «АКШ менен Британия «кыйратуучу агрессияга» даярданып жатат, БУУнун инспекторлору тыңчылык кылууда» деп эсептейт