Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 16:23

АКШ жана Түштүк Корея Түндүк Корея маселесин талкуулоодо


Эки өлкөнүн коопсуздук тармагын тейлеген расмий өкүлдөрүнүн Вашингтондогу бүгүнкү сүйлөшүүлөрү Түндүк Кореянын өзөктүк куралдар программасына байланышкан тирешүүнү жеңилдетүү жолдорун табууну көздөйт. Бул максатта АКШнын улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Кондолиза Райс Сеулдан келген кесиптеши Им Сун Чжунь менен жолукмакчы. Кечээ АКШ Түндүк Кореяга өзөктүк куралдар маселеси боюнча кайрадан өз ара сүйлөшүүнү баштоо сунушун киргизген. Вашингтондун жогорудагыдай сунушу АКШ, Түштүк Корея, Жапония чогуу консультация өткөргөндөн соң айтылды. Түндүк Корея болсо АКШны Корей жарым аралында өзөктүк согуш коркунучун жаратып, Пхеньянга карата «кылмыштуу саясатты» карманганы үчүн айыптады. Түндүк Кореянын мамлекеттик жаңылыктар агенттигинин бүгүнкү билдирүүсүндө “Вашингтон өзөктүк куралдар маселесин эки корей өлкөсүнүн ортосуна от жагуу үчүн пайдаланууда”,- деп айтылат. Ал эми АКШнын сүйлөшүү жөнүндөгү сунушуна Түндүк Кореянын мамлекеттик жаңылыктар агенттиги өз билдирүүсүндө кайрылган эмес. Бүгүн Европа Биримдиги Түндүк Кореяга 9,5 млн. еврого азык -түлүк жардамын берээрин жарыялады.

XS
SM
MD
LG