Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлашкандай, мындай сыйлыкка Бириккен Улуттар Уюмунун Сьерра-Леонедеги бейпилдик контингентинде кызмат өтөгөн Нуржан Сагымбаев татыктуу болду. Кыргызстандык жоокердин эмгегин ООН жогору баалап, аны «Тынчтыкты камсыздоодо өтөгөн кызматы үчүн» медалы менен сыйлады. Нуржан Сагынбаев эл аралык бейпилдик контингентинде кызмат өтөөгө 2002-жылдын февраль айында жөнөтүлгөн.