Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:14

Тышкы соода жана өнөр жай министрлигинде Кытай менен кызматташуу бөлүмү ачылды


Кытайдын Кыргызстандагы элчилиги жаңы ачылган бөлүмгө белек кылып үч компьютер тартуулады. Министрликтин маалымат кызматы кабарлагандай, эки өлкөнүн ортосундагы соода-сатыктын көлөмү 2002-жылдын соңку тогуз айында эле андан мурдагы жыл менен салыштырганда 35 % пайызга жогорулап, 85 миллион долларды түзгөн. Мындан сырткары ушу тапта кыргыз-кытай ишкерлери 500дөн ашуун долбоордун үстүндө иш алып барышууда. Жалпысынан бүгүнкү күнү Кыргызстанда 200дөн ашуун биргелешкен ишканалар иштеп жатат.

XS
SM
MD
LG