Бул окуя, ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынын башчысы Жолдошбек Бусурманкуловдон алынган маалыматтар боюнча, 7-январдан 8-январга оогон түнү болгон. Беткап кийген бир топ адам Чүй областындагы Орловка шаарчасындагы химия-механикалык заводдун даяр продукциялар кампасынан 460 килограмм европий салынган 23 жащикти уурдап кетишкен. Каракчылар заводдун эки кароолчусуна капыстан кол салып, мылтыгын тартып алышкан. Адистердин айтымында, европий - чоюн, болот иштетүүдө жана айнек чыгарууда колдонулат.