Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:05

Адам укуктары боюнча кыргыз комитети «Вечерний Бишкек» гезитин сотко берет


9-январда өткөн маалымат жыйынында аталган комитеттин башкармалыгынын мүчөсү Мамасадык Жакишев буга «Вечерний Бишкек» 17-декабрда жарыялаган «Оппозициянын капчыгынан айрым укук коргоочулар акы алат» («Из кошелька оппозиции оплачивается и некоторые правозащитники») атуу макаладагы маалыматтар себепчи болгондугун билдирди. Анда Казакстандын мурунку премьер-министри уюштурган фонддон адам укуктары боюнча кыргыз комитети 35 миң доллар каражат алып, аны өлкөдөгү саясий стабилдүүлүктү бузууга арналган бир катар иш–чараларга сарптаганы айтылган. Мамасадык Жакишев аталган фонддон укук коргоочулардын кыргыз комитети эч кандай каражат алган эмес деп ырастады.

XS
SM
MD
LG