Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:33

“Коррупцияга каршы күрөшүү” жарандык коомунун лидери кыргыз президентине ачык кат менен кайрылды


Аталган коомдун башчысы Төлөйкан Исмаилова мамлекет башчысын азыркы учурдагы орчундуу үч маселеге көңүл бурууну өтүнөт. Атап айтканда, трайбалисттик өнөкөттүн күч алып баратканы, бийлик коррупцияга эмес, башкача оролдо ойлонгон адамдарга каршы күрөшкө өткөнү белгиленет. Коомдук уюмдун лидери өзгөчө “Моя столица” гезитине каршы жайылтылган кампанияга катуу камтамачылыгын билдирген. Ар кандай коомдо көз карандысыз, эркин басылма болбосо жарандык коом өнүкпөй тургандыгын белгилеп, Төлөйкан Исмаилова ачык катта “Моя столица” гезитине жана анын журналисттерине каршы багытталган аракеттерди токтотуу зарылдыгын белгилеген.

XS
SM
MD
LG