Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:33

Эл аралык финансы институттары Кыргызстандын билим берүү тармагын каржылайт


Өлкөнүн билим берүү жана маданият министри Ишенгүл Болжурова ырастаган маалыматтарга ылайык, республиканын аталган тармагы үчүн Дүйнөлүк Банк быйыл 10-12 миллион доллар өлчөмүндө грант бөлмөкчү. Аталган суммадагы адие «Билим берүүнү реформалоо» аттуу программанын алкагында берилет. Мындан тышкары АКШнын ЮСАИД агенттиги да Кыргызстандын билим берүү тармагын реформалоо үчүн 4 миллион доллар бөлдү. Ал эми кыргыз өкмөтү бул багыттагы бюджеттик каражаттын көлөмүн быйыл 370 миллион сомго жогорулатты. ”Кабар” агенттигиндеги пресс-конференцияда министр Болжурова мындан тышкары Кыргызстан орто билим берүүнүн он эки жылдык системасына жакынкы аралыкта өтө албай тургандыгын да белгиледи.

XS
SM
MD
LG