Ага премьер-министрдин биринчи орунбасары Курманбек Осмонов катышты. Жыйында тышкы иштер, юстиция министрликтеринин, улуттук статистика, ошондой эле туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитеттердин жетекчилери маалымат беришти. Аскар Айтматовдун маалыматына караганда, ал жетектеген тышкы иштер министрлигинде 4 башкармалык жоюлду, мурдагы 13 бөлүмдүн ордуна жети бөлүм түзүлдү. Ошону менен бирге жыйында аталган мекемелерде административдик реформа толук жүргүзүлбөй жаткандыгы белгиленди, аларга бул багыттагы иш-чараларды үстүбүздөгү жылдын 1-мартына чейин аяктоо милдети тапшырылды.