Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:19

Орусия менен Европанын айрым өлкөлөрүн каптаган катуу суук кете элек


Маселен, Москвада өткөн түнү сууктун айынан кеминде үч адам набыт болду. Ал эми Орусияда сууктун айынан көз жумгандардын жалпы саны 250 адамга жакын. Өлкө бийликтеринин чечимине ылайык, катуу суукка кабылган аймактардын калкына жардам берүү ишине аскерлер тартылууда. Орусиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, өлкө боюнча 25 миңдей адамдын турак-жайы жылуулуксуз калган. Сууктан айынан көз жумган адамдар Германияда, Балтика өлкөлөрүндө, Словакияда, Италияда да бар. Алсак, Польшада быйыл кыштагы катуу суук 200дөн ашуун адамдын өлүмүнө себеп болду.

XS
SM
MD
LG