Иш таштоого мамлекеттик жана коомдук сектордо эмгектенген 2,8 миллион кызматкер ниеттенип жатат. Алардын арасында өрт өчүргүчтөр, салык жана таштанды жыйноочулар да бар. Иш берүүчүлөр менен профсоюздардын сүйлөшүүлөрү азырынча олуттуу натыйжа бере элек. Германиянын коомдук сектордо иштеген кызматчыларынын «Верди» профсоюз уюму, эгер мунаса табылбаса, ири иш таштоо өткөрүүгө даяр экенин билдирүүдө. Экономисттердин пикиринде, иш таштоо Германиянын ансыз деле алсырап турган экономикасына сезилээрлик зыян келтириши мүмкүн.