Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:48

Жапониянын премьер-министри Орусияга келди


Жапониянын премьер-министри Дзюньтиро Коидзуминин Орусиядагы визити төрт күнгө созулат. Москвада өтүүчү сүйлөшүүлөрдүн учурунда тараптар эки өлкөнүн түрдүү тармактардагы кызматташтыгын караган декларация кабыл алаары күтүлүүдө. Ошондой эле, президент Путин менен премьер-министр Коидзуминин сүйлөшүүлөрүндө Жапония менен Орусиянын ортосундагы тынчтык келишими жөнүндө да сөз болот. Мындай документтин кабыл алынышына эки өлкөнүн Курилдеги төрт аралга байланышкан аймактык чатагы тоскоол болуп жүрөт. В. Путин жана Д. Коидзуми Түндүк Кореянын өзөктүк куралдар программасына байланышкан маселелерди да талкуулашат.

XS
SM
MD
LG