Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 06:24

Баткен районуна Тажикстан тараптан электр энергиясы үзүл-кесил бериле баштады


Райондук электр тармактар ишканасынан 10-январда ырасташкандай, бейшемби күнү электр жарыгы үч сааттай күйгөн эмес. Коңшулаш Исфара районундагылар мунун себебин Согди областтык электр тармактар түйүнүнүн жетекчилигинен ушундай буйрук түшкөндүгү менен түшүндүрүшкөн. Мындай абал өтө көп кайталанып жаткандыктан, Баткен областынын борборундагы ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын иши үзгүлтүккө учурап, калктын абыгерчилиги арбый баштады. Баткен, Лейлек райондору ушу күнгө дейре электр энергиясын Тажикстандан алат. Ал эми жаңыдан курулуп жаткан Алай-Баткен электр линиясы ушул жылдын май айында барып гана ишке берилиши мүмкүн.

--

Жаңылыктарды даярдагандар - Бүбүкан Досалиева жана Бакыт Аманбаев

XS
SM
MD
LG