Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:23

Улуттук статистика комитети өлкөнүн 2002-жылдагы социалдык-экономикалык өнүгүшүнүн жыйынтыгын чыгарды


Атап айтканда,өткөн жылы республиканын ички дүң продукциясы «Кумтөр» алтын кениндеги кирешени кошуп эсептегенде 75 миллиард 94 миллион 600 миң сомду түзүп, 2001-жылга салыштырганда 0,6 % азайган. Былтыр 50 миллиард сомдук айыл-чарба продукциясы өндүрүлгөн. Инфляциянын көлөмү 2,1 % түзгөн. Республиканын экспортунан импорту көп болгон. Тагыраак айтканда, чет-өлкөлөргө 438 миллион 300 миң доллар наркындагы товар чыгарылып,Кыргызстанга 532 миллион доллар баасындагы товар ташылып келинген.

XS
SM
MD
LG