Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:12

Орловкадагы химиялык заводдон уурдалган 460 килограмм европий табыла элек


Каракчылардын изине түшкөнү, Ички иштер министрлиги менен Улуттук коопсуздук кызматынын биргелешкен оперативдүү тобу иликтеп жатат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук кызматынын Чүй областтык башкармасынын жетекчиси Болот Абдрахманов кабарлады. Ал эми «Акипресс» агенттиги таркаткан кабарга караганда, аталган заводдун деректири «Пирамида» телеканалына берген интервьюсунда ишканадан кремний пластиналары салынган бир нече жащик да уурдалгандыгын, тонолгон бардык мүлктүн жалпы баасы 100 миң доллардан ашаарын айткан. Мындан тышкары «европийди пайдаланып курал жасоого, террористтик аракет уюштурууга мүмкүн эместигин» Орусиянын атом өнөр жай министри Александр Румянцев ырастаган. Бул тууралуу москвалык «Вести» программасына шилтеме берип,ошол эле “Акипресс” агенттиги кабарлады.

XS
SM
MD
LG