Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:38

Конституциялык толуктоолордун соңку долбоорун жогорку бийлик өкүлдөрү өздөрү каалагандай негизде иштеп чыгууну көздөп жатат, деп билдиришти бүгүн парламенттин жоон топ мүчөлөрү


Президент Аскар Акаев өзүнүн жардыгы менен конституциялык өзгөртүүлөрдүн акыркы долбоорун иштеп чыгууну эксперттик топко тапшырганын алар ушундайча баалашты. Мындан тышкары билдирүүнүн авторлору Негизги мыйзамда аныкталган нормага ылайык элдик референдум конституциялык мыйзамдын негизинде жүргүзүлүшү керек деп эсептешет. Ал эми учурда республикада андай мыйзам жок, мындай мыйзам актысы Жогорку Кеңештин кош палатасынын кеминде үчтөн эки бөлүгүнүн колдоосу менен кабыл алынат. ”Ошондуктан биз президент Аскар Акаевден адегенде Конституциянын соңку долбоорун кайрадан Конституциялык Кеңеште талкуулоого мүмкүнчүлүк түзүшүн, андан соң жогоруда айтылгандай конституциялык мыйзам кабыл алынган соң гана референдум өткөрүшүн талап кылабыз»,- деп айтылат билдирүүдө. Билдирүүгө Конституциялык Кеңештин мүчөлүгүнө кирген оппозициялык маанайдагы депутаттар,ошондой эле Мыйзам чыгаруу жыйынындагы «Кыргызстан» жана «Коммунисттер» фракцияларынын мүчөлөрү кол кошкан.

XS
SM
MD
LG