Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Август, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 21:58

Иранда көп жылдан бери алгачкы ирет аялдарга стадиондогу футболдук мелдешти көрүүгө уруксат берилди

Мындай чечимди "Пайкан" футболдук клубунун командасы кабыл алды. Анын пикири боюнча, стадиондун трибуналарында аялдардын болгону - оюнчуларды жеңишке шыктандырат. "Пайкан" футбол клубунун жетекчилиги мелдеш учурунда эркек күйөрмандар атаандаш команданын оюнчуларын жаман сөздөр менен тилдебесине ишендире алды. Күйөрмандардын оюн учурундагы адепсиз жүрүмү-турумуна байланыштуу аяларды Иранда стадионго киргизбей келишкен.

Жаңылыктарды даярдаган Баян Жумакадыр кызы
XS
SM
MD
LG