Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 15:15

Мунапыс уюму словак президентин сынга алды


Amnesty International Уюмунун Словакиядагы бөлүмү президент Рудольф Шустердин Бейжиндеги визити учурунда Кытайдагы укук бузууларга байланышкан маселени Кытай жетекчилигинин алдында көтөрө албаганын билдирет. Ушул аптанын соңунда Кытайга эки жумалык сапарын аяктап жаткан Шустер жуманын башында Кытайдын президенти Цзянь Цземинь менен жолугушуп, эки жактын өз ара экономикалык алакаларын талкуулап, бир катар келишимдерге кол койду. ЧТК кабар агенттигине берген маалыматында Amnesty International президент өз өлкөсү туткан принциптерди коргоого милдеттүү экенин баса белгилейт. Уюм акыркы эки жылдын ичинде Кытайда адам укуктарынын абалы начарлап кеткенин, өлкөдө адамдар мыйзамсыз камакка алынып, адилетсиз соттолуп, түрмөлөргө отургузулуп жана кыйноолорго дуушар болуп жатканын билдирет.

XS
SM
MD
LG